Премьер-министрдин милдетин аткаруучу: "2020-2021-жылга тышкы карыздарды төлөө боюнча тобокелчиликтер жок"

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Аскарова тышкы карыз боюнча маселе көтөрдү.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучусу Артём Новиков 2020-2021-жылга тышкы карыздарды төлөө боюнча тобокелчиликтер жок экенин айтты. "Эпидемиологиялык кырдаал курч. Өкмөт эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бардык каржылык милдеттенмелер аткарылат. 2020-2021-жылга тышкы карыздарды төлөө боюнча тобокелчиликтер жок”, - деди Артём Новиков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан