"Аксыдагы Унгар-Тоонун жанында 2 чакырымдай жер убагында пикир келишпестиктин айынан такталбай калган",- деп билдирди КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов. Айтымында, аталган аймактагы талаш жер боюнча буга чейин өзбек тарап бир нече жолу маселе көтөрүп чыккан. "Бирок ал кезде маалымат булактары да, эл да азыркыдай көңүл бурган эмес. 2006-2007-жылдары Унгар-Тоонун эки тарабы такталып бүтүп, ортодо 2 чакырым 100 метр жери чечилбей калган. Өзбек тарап СССР учурундагы документтерди көрсөтүп "бул жер Өзбекстанга караштуу" деп талашып, бирок кыргыз тарап бербей койгон. Ошол кездеги кыргыз өкмөтү "эгер СССР учурундагы документтер боюнча иш жүргүзсөңөр эмне үчүн айрым суу сактагычтардын аймагындагы талаш жерлер боюнча да СССР кездеги документтер менен иш алып барбайсыңар" деген талап койгон. Мунун айынан Унгар-Тоонун жанындагы талаш жер чечилбей токтоп калган",- дейт Мамытов.
Министрдин айтымында, СССР учурундагы документтер боюнча Хасан-Сай, Андижан, Компромат суу сактагычтарынын аймагындагы кыргыз тарапка караштуу айрым жерлер азыр Өзбекстандын карамагында.
Эске салсак, 22-сентябрда аталган тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн текшерип, тескөөгө алышкан. Вице-премьер-министр Токон Мамытов өзбек чек арачыларын станциянын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылып жатканын кабарлаган болчу.
Унгар-Тоо Аксы районунда Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Анын чокусуна Кыргызстандагы телерадиоберүүлөрдү таратуучу ретрансляциялык станция жайгашып, районду Кыргызстандын негизги телерадиоберүүлөрү менен камсыздайт.