УКМК Финполдун мурдагы башчысы кармалганын маалымдады

Акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ири өлчөмдөгү акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы аныкталганы маалымдалат. 2020-жылдын Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында Финполдун мурдагы төрагасы Т.Б.Б партиялардын бирине каржылоо керек экендигин айтып, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисин ири өлчөмдөгү акча каражатын берүүгө мажбурлаган.

2020-жылдын 10-декабрында шектүү Т.Б.Б кармалып УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы маалымдалат. Шектүүнүн башка ушул сыяктуу аналогиялык иштерге тийиштиги бар иш-аракеттери иликтенип жатканы кошумчаланат.

Жергиликтүү маалымат булактары кармалган мурдагы аткаминер - Бакир Таиров экенин жазышууда. Бакир Таиров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп 2018-жылдын апрель айында дайындалган. Ал аталган кызматтан ушул жылдын октябрь айында алынып, ордуна Сыймык Жапыкеев дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asman779
2020-12-11 11:01:17
Раим милиондун кудасы болуш керек эле бул. Мурун финполду жетектеп турса Раимдин кайсы коррупция кылган иши чыкмак эле. Болгон жерди ээлеп алып тайрандап журушкон экен да. Соке болсо Корсо да кормоксон болуп Факт бергиле деп журуп кете берди. Кустургула баарын
+9
Asel69
2020-12-11 15:27:54
Матраимов деген неме бүтүндөй куда сөөктөрүн, туугандарын, тааныш билиштерин, айылдаштарын таможняга орноштурган экен да. Эмне деген уят. Азыр Садыр Жапаров деле ошол жол менен бара жатат. Жалан озунун айылдаштарын кудаларын кызматка дайындап жатат. Мунун аягы жаман менен бутот. Бийликте жалан озунун туугандарына, айылдаштарына таянган адамдын омуру кыска болот. Бизде кадрлар онолбосо элдин турмушу онолбойт. Жыргатып иш жасабаган, бир гана тополондо кыйкырып жургондор келишти
+2
al-abu-kinesz
2020-12-11 16:37:17
Asel69, уйундун крышасына карга чычып кетсе деле Садырды куноолой берчу тип экенсин даана.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан