Талант Мамытов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы жыйынына катышат

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат.

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтө турган бул жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Бирликтин 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери жана башка маселелер талкууланат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

Ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттердин макамын Куба Республикасы менен Өзбекстан Республикасына берүү маселеси да каралат.

Кезектеги жыйындын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан