Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын калкынын турмушун камсыздоочу жайлардын абалы менен таанышты. Тактап айтканда, вице-премьер Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара заставаларында, чек ара жана ички коопсуздук объектилеринде болду. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Максат Мамытканов тиешелүү кызматтарга мамлекеттик чек араны коргоо жана анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.
Андан соң вице-премьер-министр Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, анда мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча милдеттерди койду.
Андан кийин ал өзгөчө статусу бар Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарын коопсуздук жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында курулуп жаткан объектилерди кыдырып, социалдык мекемелердин, анын ичинде Кулунду айылындагы бала бакчанын курулушу менен таанышты.
Жумушчу сапарынын алкагында вице-премьер-министр саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана энергетика жана суу чарба объектилеринде да болду.
Сапардын соңунда вице-премьер-министр чектеш аймактардын тургундары менен жолугушту. Анда жарандар тарабынан социалдык, экономикалык жана энергетикалык мүнөздөгү маселелер көтөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Максат Мамытканов көтөрүлгөн маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берип, Мамлекеттик программа алкагында алынган бардык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарыларын белгиледи.