Өкмөт башчы: "Башкы прокуратура “Кумтөр” боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүдө менин кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштегенимди далилдесе жооп берүүгө даярмын"

Башкы прокуратура “Кумтөр” боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдө менин кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканымды далилдесе мен жооп берүүгө даярмын. Муну ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Депутаттар министрлер кабинетинин башчысынан “Кумтөрдү” улутташтыруудан баш тарткандыгынын себептерин сурашты. Фискалдык саясат боюнча комитеттин жетекчиси Карганбек Самаков меморандум күлкү келтирерлик экенин айтты. Буга Жантөрө Сатыбалдиев: “Биздин эркибиз жетсе улутташтырсак болот. Мен жактоочу же инвесторлордун тарапташы эмес, премьер-министрмин. Эгер мен чыккынчылыкка барып жатсам, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгосун. Мен жооп берүүгө даярмын. Улутташтыруу – оңой кадам. Бир күндө мен Кыргызстандын баатыры болгонум менен экономикабыз эмне болот? Казына акчасыз калат”,- деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан