Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу» мыйзамына кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан