Садыр Жапаров эки кудасын жогорку кызматка дайындаганынын себебин түшүндүрдү

Бүгүн, 15-декабрдан баштап президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталды. Анын алкагында Садыр Жапаров Талас жергесине барып, эл менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Садыр Жапаров жарандардан келген каттарга жооп берип жатып, кудаларын кызматка дайындоосу боюнча түшүндүрмө берди.

"Биз өлкөдөгү туруктуулукту сактоого аракет кылдык. Мен күнү-түнү дебей кадрларды дароо алмаштырдым. Кызмат адамдары банктардан акчаларды алып, чыгарып кетпесин, качып кетпесин деп эки кудам кызматка туруп калышты. Мен муну жашырбайм, моюнума алам. 20-30дай кызмат адамдарды иштен алуу менен биз туруктуулукту сактап калдык. Буюрса, президенттик шайлоо бүтөрү менен кадрлар кызматка сынактык негизде гана алынат. Биз ошондо гана татыктуу адамдарды кызматка алып келебиз.

Бир чындыкты айтып коёюн, бир кудам "ата-мекенчил", дайыма оппозициядагылар менен шайлоого барып, менин Ысык-Көлдөгү добуштарымды бөлүшүп жүрчү", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shabi
2020-12-15 16:12:14
Садырдын фанаттарына баарибир "ДАКАНСА"турушат.
+10
Kuban-1207
2020-12-15 16:19:47
Садыр алга
0
shejol
2020-12-15 17:50:00
саясатчыны кумир туткан адам өзү акмак-уин.черччиль
+8
Shabi
2020-12-15 18:39:29
shejol,садырды кумир эмес кээ бироолор,кудайындайле коруп жатышат го
+3
Aidan_Ek
2020-12-15 20:28:48
Фейктер гана фанаттары кооп кылып корсотуп жатат. 100 Адам 10дон аккаунт ачса деле 1000 фейк чыгат экен. Садыр короче ыплас жол менен президент болот. Ишенимдуу айтыптыр го кадрлар сынак менен келет деп.
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан