Бүгүн, 2-октябрда Бишкектин айрым жаңы конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт. Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Учкун, Көк-Жар, Касым, Ак-Өргөө жаңы конуштарында, Серафимович, Д.Садырбаев, Тюменский, Манас көчөлөрүндө жана Абдрахманов көчөсүндөгү №176 көп кабаттуу үйдө электр жарыгы болбойт. Өчүрүү тийиштүү жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу болот.