Садыр Жапаров: "Кыргызстандын президенти болуу – Кыргызстан элине кызмат кылуу!"

Ошентип президенттик аламан жарыш старт алды. Бул жолку президенттик шайлоо өзгөчө тарыхый шартта, өлкөбүздүн тагдыры өзгөчө абалда турганда өткөнү турат. Көпчүлүк кызуу колдоого алып жаткан, эл өзү сүрөп чыккан, негизги талапкер Садыр Жапаров өзүнүн үгүт кербенин касиеттүү Талас жергесинен баштады. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн уюткусу, биримдиктин, ынтымактын ордосу болгон касиеттүү Талас жеринен үгүт компаниясын баштап жатышы да жөрөлгөлүү мүнөзгө ээ. Ар бирибиз үчүн ыйык деп саналган Манас Ордодо Манас атабыздын жана өтүп кеткен ата – бабаларыбыздын арбагына багыштап куран окутуп, улуу ишке аттанды.

Манас ордодон чыгып Садыр Жапаров Таластын борбордук стадионунда кычыраган кыштын суугуна карабай чогулуп,чыдамсыздык менен күтүп турган миңдеген шайлоочуларына барды. Жаңы тарыхты, жаңы баракты баштоочу катары зор үмүт жандырган Садыр Жапаровду эл чыныгы кубаныч, кол чабуулар менен тосуп алды.

“Ар дайым, касиеттүү Талас жергесине келгенде, жүрөк толкуткан кубаныч жана сыймыктануу сезими менен келем. Анткени Талас жергеси “Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган” – Айкөл Манас атабыздын ордосу турган жер! Талас жери дүйнөгө атагы чыккан чыгаан жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду, Мекен үчүн жанын аябай курман болгон эр жүрөк уул Чолпонбай Түлөбердиевди, эчендеген таланттарды берген. Өзүнүн тоолору, суусу, жаратылышы менен көпчүлүктү суктандырган Талас жергесине келип, Сиздер менен кездешип олтурганыма кубанычтамын!” – деп таластык шайлоочулары менен учурашты.

30 жылдан бери өзгөрбөгөн өлкөбүздө жаңыланууну, жакшы жашоону күтүп чарчаган эл, бүгүн Садыр Жапаровго өзгөчө ишеним артып, андан эртеңки жакшылыктын, татыктуу жашоонун илебин күтүп турат. Элдин ишеними – Садыр Жапаров үчүн курулай сөз эмес.

“Адам баласындагы эң ыйык, эң аруу тилек – мына ошол ишеним! Ишеничтен кетпейли! Ишеничти актайлы! Талас эли эзелтен акыйкатты, калыстыкты сүйгөн, адилеттүүлүктү сүйгөн журт! Бүгүн мен, Сиздердин ишеничти, үмүттү актоо үчүн батаңыздарды сурап, алдыңыздарга келдим!” – деди.

Эч кандай жасалмалуулугу жок, жүрөктөн чыккан бул сөздөр чындыкты сүйгөн, акыйкаттыкты туу туткан таластыктарга майдай жагып, сүрөп, коштоп турушту.

Андан ары талапкер Таластагы негизги көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу кеп улады. Талас десе, кыргызстандыктар гана эмес, көпчүлүк өлкөлөр эң мыкты сапаттагы төө буурчакты билишет. Таластыктардын негизги киреше булагы болгон дал ушул төө буурчактын өйдө-ылдый баасы кызыктыраары айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Садыр Жапаровдун:

  • Төө буурчак боюнча облустун эли бир канча жылдардан бери өз көйгөйлөрүн чече алышпай келди. Жыл бою талаадагы ак эмгектин акыбети кайтпай, кыйналды. Төө буурчактын наркы – дыйкан толук өзүнө киреше түшө тургандай мамлекет тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлүп, дыйкандын эмгегин эч ким уурдабагыдай аракет жасайм! – деген ишенимдүү сөзү да стадиондогу элдин кызуу кол чабуулары менен коштолду.

Буга чейин оңго-солго ар кимге сатылып келген кен байлыктарыбыз эми элдин кызыкчылыгы үчүн иштээрин, жергиликтүү элдин пикири, экология маселеси сөзсүз башкы орунда болоорун ачык айткан Садыр Жапаров Таластагы кен байлыктар боюнча “Жер-Үй маселеси, Талды-Булак – биздин талылуу маселебиз! Ата-бабабыздан бизге аманат калган ушул кен байлыктарды туура пайдаланып, келечекти куралы!” – дегени да көпчүлүккө жакты.

Садыр Жапаров кайрылуу сөзүнөн кийин элдин ар кандай суроолоруна жооп берди. Арасындагы “Курманбек Бакиев Сизди каржылап, колдоп жатат деген чынбы?”– деген суроого “Бул карандай калп. Ушунча элдин алдында, Кудайдын алдында туруп айтып бере алам, эч кимден мен бир тыйын алган жокмун, эч ким мени каржылаган жок. Ооба, убагында Бакиев менен иштешкем. Бирок аны менен мен эле эмес Кыргызстандын 90 пайызы иштешпедиби. Бакиев менен иштешкенде анын камчысын чаап, мамлекеттин же элдин кызыкчылыгына каршы келген, Бакиевдер үчүн даярдалган маселелерди колдоп берген эмесмин. Мыйзамдын чегинде өзүмдүн милдетимди аткарып иштегем. Коррупцияга каршы комиссариатты жетектедим. Элибизде жакшы сөз бар эмеспи, “Аты улук, супарасы курук” деген. Мен жетектеген кызмат ошондой кызмат болчу. Эч кандай тергөө же оперативдүү иштерди кыла алчу эмесмин. Болгону компьютерден гана мониторинг кылып отурган кызмат болчу. Ошого карабастан бир топ соттордун, прокурорлордун, мэрлердин, губернаторлордун, акимдердин былык иштерин ачып, колдон келишинче иштегенбиз. Ишибиздин жыйынтыктары видео түрүндө отчёт болуп КТРКнын архивинде азыркы күнгө чейин сакталып турат. Ал убакта азыркыдай интернет өнүгө элек эле. Маалымат элге бүгүнкүдөй жеткен эмес. Бир топ маанилүү иштерди кылганбыз” – деп жооп берди.

“Бийликке келгенден кийин жакындарыңызды, кудаларыңызды чоң кызматтарга коюптурсуз. Үй бүлөлүк башкарууга багыт алган жоксузбу?” – деген суроого:“5-октябрь күнү болгон кырдаалды өзүңүздөр көрдүңүздөр. 2010-жылдан да катуу болуп кетиши мүмкүн эле. Бийлик көзөмөлдү толук колдон чыгарып ийди. Мындай учурда талап-тоноочулуктун, кылмыштуу иштердин алдын-алынышы керек эле. Абалды колго ала турган УКМКнын, ИИМдин башчыларынын дайыны ушул күнгө чейин жок. Элимдин колдоосу менен бошоп чыктым. Жоопкерчиликти алдым. Ошол кезде кырдаалды жайгарыш үчүн ишеничтүү кадрларды койдум. Аларга тапшырма бердим. Ошондо эки кудам бийликке келип калыптыр. Күнү-түнү иштеп мага жардам беришти. Ошолордун бири мага оппозиция болуп жүргөн адам. Бирок таза, колунан иш келген инсан. Ошондуктан кызматка дайындадым. Бирок мунун баары убактылуу гана. Үй-бүлөлүк башкарууга мен өзүм да каршымын. Шайлоодон кийин мейли министрби, акимби, же башкабы баары ачык сынак менен кызматка келет. Ар бир кадрды элдин, комиссиянын тандоосу менен алабыз. Бир тууган, куда-сөөк деп бийликке койбойбуз» - деп жооп берди.

Жолугушу аяктагандан кийин да эл Садыр Жапаровду тегеректеп, көйгөйлөрүн, орчундуу проблемаларын айтып калышты. Садыр Жапаров бардык көйгөйлөр боюнча маалымдар экенин, ошол эле грунт суулардын көтөрүлүшү, авариялык абалдагы суу түтүктөрүн алмаштыруу, мектептердин ремонту, мал базардын башка жакка көчүрүлүшү боюнча маселерге токтолбой жооп берип, мунун баары аз эле убакытта чечилчү маселелер экенин, бирок чиновниктердин бюрократиялык баш оорутмалары, коррупция себепчи болуп, көп жылга созулуп кеткенин айтты. Буюрса элдин колдоосу менен президент болуп шайланып калса, кескин реформаларды жасоо менен маселени тез, сапаттуу бүтүргөндөй системге салаарын, талапты катуу коёрун кошумчалады.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп 10 күндөй гана толук кандуу иштеди. Мына ушул кыска убакыт ичинде эле ал чиновниктердин ыкшоолугунан, коркоктугунан, жалкоолугунан жана иш билбегендигинен улам ондогон жылдар бою чечилбей келе жаткан бир канча көйгөйлөрдү чечкенге үлгүрдү. Чечкиндүү күрөш аз убакыттын ичинде эле жемишин бере баштады. Садыр Жапаров элдин колдоосун алып, президенттикке шайланып келсе,бюрократияга чекит коюлуп, паракорлорго каршы күрөш мындан да тездик менен уланып, өлкөбүз бир топ эле тазаланып калчудай. Иштейм деген ишкердин ишине тоскоолдук кылган, инвесторлордон акча сураган сугалактар түп орду менен жок болоорун ишенимдүү айткан Садыр Жапаров "Кыргыз өлкөсүн кубаттуу өлкөгө айландырам" деген аруу тилегин Талас эли бир ооздон сүрөп, кубаттап, колдоду.

Кыргызстандын президенти болуу – Кыргызстан элине кызмат кылуу! – Садыр Жапаровдун кайткыс позициясы.

Жоопкерчиликсиз бийликти жоюу үчүн!

Садыр Жапаров үчүн!

Аткаруучу: SUPER.KG ЖЧКсы, дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү 381. Буйрутма берүүчү: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер С. Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан төлөндү. Нускасы: 1. Жарыяланган күнү: 15.12.2020-ж.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
zam81
2020-12-15 18:30:00
Алга Садыр
+8
Real98
2020-12-15 20:15:13
Башталды эми бул шайлоодо баардык сайтты, телеканалды Садыр ээлейт экен да.
+10
Baatirbek81
2020-12-16 14:48:26
Real98,буйурса андан бөлөк кайсы адам бар иштей турчу!
0
modem4999
2020-12-16 19:16:29
Baatirbek81,18 кишиден бардыр караныз
0
Samsung-
2020-12-15 21:42:43
Садыр эмитен эки суйлоп жатат, президенттикти эптей албайт бул.
-1
Rinat98
2020-12-16 18:01:46
Samsung-, кошулам туура айтасын!
0
Lordbek
2020-12-16 02:01:25
Каала каалаба Садыр ава өтөт но үмүт кылып калам иштешине а то элим кыйналганы жетишет
+5
Kuban-1207
2020-12-16 13:28:55
Бир эле суйлоп жатат Садыр алга
+7
Kuban-1207
2020-12-16 13:29:20
Шариман эки сүйлөчү
+2
KGZ-RUS
2020-12-16 18:13:08
Адахан Мадумаров президент
-7
modem4999
2020-12-16 19:14:56
Соке эле кетти калганы бут журот тегеректеп, Умутбек деген чырактай бир жигитибизден айрылдык эле го, ошол мекеним кыргызстан, биримдик партияларынын административдик ресурс, акчанын кучу менен ыплас шайлоо отту деп революция болду эле го, кайра эле ошолор башкарган атпайбы бизди. Эми качан тазаланабыз, качан кыргызстан онолот, балдарыбыз да мигрант болобу бизге окшоп,? Таза адамдарды шайлабайлыбы туугандар!!!
+1
Firdaus-Muslim
2020-12-16 22:24:06
Садыр Нуркожоевич Жапаров биздин президент! ✔
+1
al-abu-kinesz
2020-12-17 02:08:24
Охоо, бироолордун ою озгоруп калганбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан