Бишкекте санитардык талапка жооп бербеген 15 коомдук тамактануучу жай жабылды
24-30-сентябрь күндөрү Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери шаардагы 200дөй коомдук тамактануу жайды текшерди. Кафе, ашканалардагы санитардык эреже бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, 175 коомдук тамактануучу жайга айып пул салынды. 182 жайдын иштөөсүнө убактылуу тыюу салуу чечими чыгып, 15 тамактануучу жай жабылды. Текшерүүчү 8 топтун курамына Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, мэриянын, райондук акимиаттардын жана ШИИББинин өкүлдөрү киришти.