Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен отуруму болуп өттү.
Тараптар пандемиядан улам иши солгундап калган өкмөттүк делегациялардын жумушун жандандыруу зарылдыгы боюнча толук өз ара түшүнүшүүнү билдиришти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кеңири пикир алмашуу жүрүп, анын ичинде мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын өтүшүн сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Жыйын конструктивдүү маанайда өттү, тараптар топографиялык жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган тилкелерде долбоордук линияны сүрөттөө боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишишти.
Жолугушуунун соңунда протоколго кол коюлуп, ошондой эле кийинки жолугушууну Өзбекстандын аймагында өткөрүү боюнча макулдашылды.