Абдил Сегизбаев: "Мен элимди башкарган эмес, баккан президент болом"

Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Абдил Сегизбаевдин президенттик шайлоолор алдындагы үгүт өнөктүгү “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде башталды.
Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоо өнөктүгү бүгүн өзү туулуп-өскөн Кой-Таш айылынан старт алды. Айылдан аксакалдары чогулуп, Куран окуп, баталарын беришти.
Андан соң чогулган тарапташтары “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде талапкерди күтүп алышты.

Абдил Сегизбаев колдоп, сүрөп келген элге терең ыраазычылыгын билдирип, шайлоо өнөктүгүн эмне себептен “Ата Бейиттен” баштагын билдирди:

"Урматтуу калайык калк! Биздин бул жерде чогулганыбыздан да чоң себеби бар, “Ата Бейит” бул аталарыбыздын бейити. 20-кылымдын башында Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жандарын берип, репрессияга кабылган аталарыбыздын сөөктөрү жатат. Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Бегалы Исакеев, Төрөкул Айтматов сыяктуу аталарыбыз - булар Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандар. Жусуп Абдрахманов элим, жерим деп кыргыз элин улуу ачарчылыктан сактап калган. Ошол кездеги оор күндөрдө элде жут башталганда бир эле кыргыз элин эмес, боордош казак элин, Украинадан бери жардам сурагандарга колдоо берип, ачарчылыктан куткарган. Бирок ошол жакшылыгы үчүн Жусуп Абдрахманов өзү репрессияга кабылып, атылып кеткен экен. Бүгүн биздин аркабызда үркүн учурунда каза болгон аталарыбыздын айкели турат. Ушундай балээ эч качан биздин жерибизде кайталанбасын. Биз сөөк чогулткан калк болбошубуз керек. Искак Раззаковдун тагдыры да бизге сабак болгон жок. Бөтөн элден билим алып, илим алып келип, элибизге кызмат кыла алдыкпы? Биз өзүбүздүн жерибизди өзүбүз башкарып, өзүбүздү баккандай бийликти шайлап алышыбыз керек. Бирөөлөрдөн өз жерибизден качып отурбай, өз жерибизге өзүбүз кожоюн бололу. Азыр бийликке Жаныш менен Максим Бакиевдердин бөлтүрүктөрү келе жатат. Ошолордун курмандыктары болгон бир туугандарыбыз мына бул жерде жатышат. Мен бул бир туугандарымдын жаркын элестерин эч качан сатпайм. Мен булар менен ачык күрөшөм. Мен булардын колуна Кыргызстанды бербейм. Максим Бакиев Кыргызстандан миллиарддаган доллар уурдап кеткенде үн катпай жандарында жүрүшкөн.

“Акжолчу” болуп, Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп, коррупция гүлдөп турганда коррупцияга каршы мамлекеттик деңгээлде комиссар болуп, үн чыгарбай, бардыгына макул болуп отурушкан. Ошол учурда Медет Садыркулов, Раатбек Санатбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Алишер Саипов, журналист Геннадий Павлюк сыяктуу элибиздин 60 чыгаан жигиттерин өлтүртүшкөн. Муну көрүп, окуп, жүрөгүм чыдабай, ыйлаган күндөрүм болгон. Мен бул нерселердин кайталануусуна эми жол бербейм. Ушул жерде 7-апрелде каза болгон ага-инилерибиздин сөөктөрү жатат. Алардын алдынан кечирим сурайм. Тилекке каршы, 10 жылда силер баштаган ишти аягына чыгара алган жокпуз, силер күрөшкөн балээ менен күрөшө алган жокпуз. Силер тикеңерден тик туруп, ажалдын көзүн карап тургандай, биз тура алган жокпуз. Бирок азыр убада берем, эми тура турган жигиттериңер, карындаш, ага-эжелериңер бар. Мына биз турабыз! Биз буларга бөгөт коёбуз, кыргыз элин, кыргыз жерин эч качан биз буларга тебелетпейбиз, элдин ырыскысын жедирбейбиз", - деп билдирди.

Абдил Сегизбаев өз сөзүндө: “Президентикке аттанып жатып, ал бийлик мансапты эмес, элге таза кызмат кылууну көздөгөнүн айтып, Кыргызстан биздин өлкө, биз аны сактап калабыз. Мен элимди башкарган эмес, баккан президент болом", – деп билдирди.

Ошондой эле талапкер жолугушуунун жүрүшүндө өзүнүн шайлоолор алдындагы программасы менен тааныштырды. Иш-чара Чыңгыз Айтматовго жана 7-апрелде каза болгондордун эстеликтерине барып, маркумдарга багышталган Куран окутуу менен жыйынтыкталды. Эсиңиздерге салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнө мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Бүгүн, 15-декабрда республика боюнча талапкерлердин үгүт өнөктүгүнүн алгачкы күнү башталды.

Даярдаган мекеме: дареги: Бишкек ш.,
кардар: Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич.

Абдил Сегизбаев: Мен элимди башкарган эмес, баккан президент болом
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Taalaibek.
2020-12-16 13:38:28
Туура айтат баары билет коррупция менен малынганын.
-10
Mister-XXX
2020-12-16 14:16:32
Taalaibek.,Бул деле коррупционер экенин билесинби
+19
Taalaibek.
2020-12-17 12:30:57
Mister-XXX,Сен менин жазганыма тушунбой калсан керек.
-1
bessmertiy
2020-12-16 13:52:19
Жөн эле сүйлөбөптүр да элди кайраштырбай. Бакиев дебей эле. Бакиевден айлан.
+21
Asmat84
2020-12-16 13:58:09
Эх кысталаак ушул тирик дагы коюптур да кайсы бети менен коюуп атат. Кыргызстанды сазга батырган чиновниктердин саб башында ушул сегизбай турат
+24
jukebay
2020-12-16 14:11:13
Улуу ачарчылык деген эмнеси, муну жазып берген катчысы тил сабагын матемвтика өкутуучунан алганбы
+12
janym_balam
2020-12-16 19:03:18
jukebay,мунун да шофёрлору катчы болуп алса керек да.
+3
33SUUN
2020-12-16 14:12:05
Каронавирус!- сен шайлоо откучо токтоп тур эч кимге жабышпай! Масканы шайлоодон кийин тагабыз!-деп макулдашышкан окшойт.
+5
bekov01
2020-12-16 14:16:23
УКМКда отурганда жыргатпаган еми жыргатмак беле. Ошондо кумторду елге кайтарабыз деген адамдарды камаган озу елего еми башкача суйлойтго оозу мурду кыйшайбай еле. Еки жуздуу адам екен
+18
nazira...
2020-12-16 15:08:03
Жөн эле жүрсө болмок. Ал жерге да бир союлун сойсо керек, болбосо ким бармак эле. Күйдүрөт даа, күйдүрөөөт.
+11
patriot.kg94
2020-12-16 15:49:56
Куйуп кеттимго колунда бийлик турганда бок жеп аттынбы уялбай кантип президент болом деп атасын
+7
KaGaH
2020-12-16 17:40:10
Интермедия күлүп алдым жыргап,көк мее десе
+9
bbek
2020-12-16 18:07:03
Эй сабатсыз Бегалы эмес Баялы И[moderated]ев болот.ушу турушунда эмнеи кыйратмак элен ГКНБны башкарып турганда кыйратпаган
+9
SHMIT
2020-12-16 18:26:54
Вааау макул шайлайт эл аябай шайлайт
+2
bekalife
2020-12-16 21:29:32
Мунуда тууру тушунуу керек. Бул кандидатын койбосо устунон кылмыш иши козголот
+4
al-abu-kinesz
2020-12-17 02:11:25
Аа Сегизбай, койчу, жон эле отурчу, элдин сени шайлаганга эмес короорго козу жок экенин тушунчу..
+2
Janyl98
2020-12-17 12:10:10
Сегизбаети колдойм
-3
subhan80
2020-12-17 12:20:12
Эмне менен багасын кредит менен би кереги жок арам акчанын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан