Депутат Дастан Бекешев бардык архивдик материалдарды санариптештирүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.
Мыйзам долбоору мекемелик жана мамлекеттик архивдерге сакталуу үчүн келип түшкөн документтердин сакталуусун камсыз кылуу жана аларды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кайра пайдалануу жүрүмүн жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
Анда депутат Дастан Бекешев бардык архивдик материалдарды санариптештирүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Алмазбек Токторов кагаз түрүндөгү документтерди пайдалануу ыӊгайсыздыгын эске алуу менен, мыйзам долбоорунда электрондук документ жүгүртүү механизмдерин киргизүү сунушун берди.