Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасына дагы 2 миллион 509 миң 900 сом кошулду

Бүгүн, 16-декабрда БШКнын кезектеги жыйыны өттү. Күн тартибинде 2021-жылдын 10-январына дайындалган президенттик шайлоо жана референдумга байланыштуу маселелер талкууланды.

Анда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө мурда бекитилген чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөр киргизилгени маалымдалды.

Шайлоону өткөрүүгө жана даярдоого 686 миллион 451 миң 337 сом өлчөмүндөгү каражат бекитилген. БШКнын 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 287 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомго 688 миллион 961 миң 237 сом деп өзгөртүү киргизилди. Башкача айтканда мурдагы сметага 2 миллион 509 миң 900 сом кошумчаланганы маалымдалат.

Мындай чечим өлкөнүн чегинен тышкары жана өлкө аймагында кошумча шайлоо тилкелери ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынганы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maksat_osh
2020-12-16 21:11:17
Тиги саДЫРКА ЖОПАровду ким шайлат болдукен
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан