Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 23-декабрга жылдырылды

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 23-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 16-декабрда сотко айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин ооруп жаткандыгына байланыштуу соттук отурумду башка күнгө жылдыруу жөнүндө арыз келип түштү.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан