Бүгүн, 17-декабрь саат 9:30га карата 1 доллардын улуттук валютага карата баасы 82 сом 20 тыйынды түзүп, бир күндө 1 сомго арзандады.
Өлкөнүн коммерциялык банктарында долларды сатып алуу 81 сом 70 тыйындан 81 сом 80 тыйынга чейин болсо, долларды сатуу 82 сом 20 тыйындан 82 сом 30 тыйынды түздү.
Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 83 сом 35 тыйын деп көрсөтүлгөн.