Бишкекте Борбор Азиялык мода жумалыгы өтөт

Бишкекте Борбор Азиялык "Жаз-жай-2014" мода жумалыгы өтөт. Бул тууралуу долбоордун уюштуруучусу Үсөн Бердибаев маалымдады. “Бишкекте 22-27-октябрда өтчү мода жумалыгы Кыргызстанды мода жана сулуулук  тармагында Борбордук Азияга таанытууга багытталган. Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Франция жана Монголиядан келген коноктор катышат”,-деди Бердибаев. Долбоордун жеңүүчүсү Франциядагы "World Fashion Week-2014" көргөзмөсүндө жана мыкты 10 катышуучу Нью-Йорк шаарында өтүүчү "Couture Fashion week-2014" мода жумалыгында өз коллекциясын көрсөтүү укугуна ээ болот. Долбоор модельер-дизайнерлер, мода тармагындагы стилист, сүрөтчүлөр арасында сынак жана бренд аталган кийимдердин сынактан тышкары көргөзмөсү менен коштолот. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан