Садыр Жапаров: “Бизге жарым жыл убакыт, элдин колдоосу анан тынчтык керек. Кризистен чыгабыз. Көзүм жетет!”

Учурдун эң башкы көйгөйү коррупция экени анык. Мамлекетти аксатып, мите курттай ичтен жеп жаткан бул илдеттен өлкөнү кантип куткарасыз?

  • Коррупция менен ачык-айкын күрөшөбүз. Буга чейин да ишти баштап койдук. Бир ай иштесем, анын 20 күнү ызы-чуу менен өттү, 10 күн толук кандуу иштедик. 10 күндүн ичинде ишибизди көрсөттүк. Мындан ары да ишибиз менен далилдейбиз. Коррупцияны тизгиндөөнүн негизги куралы адам факторун азайтып, санариптештирүү ишин тездетүү. Бардык мекеме-ишканаларды санариптештиребиз. Буга чейин жеке кызыкчылыктардан улам санариптиштирүүнү киргизбей жүргөн жетекчилер жоопко тартылат. Эгерде шайланып келип калсам, баарын көзөмөлгө алабыз, тамашалашып отурбайбыз. 2-3 жыл мөөнөт деген болбойт, 2-3 ай деген мөөнөт болот. Аткарбайбы, жоопко тартабыз.

Кыргызстан учурда экономикалык оор абалда турат. Бюджеттин тартыштыгын жана тышкы карызды эске алганда экономиканы кантип көтөрсө болот?

  • Быйылкы жылдын эсебинен 36 миллиард сом дефицит бар. Жылдын аягына чейин сөзсүз төлөнүп берилүүчү каражаттардын баарын жаап жатабыз. Кийинки жылдарда дефицити жок чыкканга аракет кылабыз. Ал боюнча пландарыбыз бар. Ал эми сырткы карызды төлөө боюнча да пландарды түзүп койдук. Эгер биз чоң-чоң долбоорлорду ишке ашыра алсак, тышкы карызды өзүбүз эле төлөйбүз. Мүмкүнчүлүк бар. 2-3 чоң долбоорлор бар, аларды иштетип 3-4 жылдын ичинде тышкы карызды толук жаап кеткенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми экономикалык кризистен сөзсүз түрдө чыгабыз. Кошуна жана алыскы мамлекеттер менен иш алып барып жатабыз. Экономикалык жактан катуу кризиске учурабайбыз. Бизге жарым жылдык убакыт керек, элдин колдоосу керек, тынчтык керек, кризистен чыгып кетебиз, буюрса. Көзүм жетет.

Абалды жөнгө салуу үчүн көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга аракет кылып баштадыңыз. Муну сиз кандайча ишке ашырайын деп жатасыз?

  • Бизде көпчүлүк жакшы билгендей бизнестин басымдуу бөлүгү көмүскөдө турат. Бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керек. Реформалоо жолу менен мыкты ийгиликтерге жетишкен башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын пайдалансак болот. Биз бизнес ачык иштегенге өзү кызыкдар боло турган шарттарды түзүшүбүз керек. Буга буюрса, жетебиз. Ички инвестициялардын мүмкүнчүлүгүн да акыр аягына чейин пайдалана албай жатабыз. Ошол жагына да өзгөчө маани берүү керек.
Экономиканы көмүскөдөн чыгарсак, бардык шартты түзүп берсек, тышкы инвесторлорду да тартууга, учурда иштеп жаткандарын да мындан мыкты иштетип, көбүрөөк пайда берүүсүнө жетишебиз.
Бул үчүн эмне кылуу керек?
  • Баары жөнөкөй. Иштей турган чыныгы профессионалдар керек. Алар менин саясий көз караштарымды жактырабы, жокпу, кеп анда эмес. Башкысы алар иштеши керек. Иштегенде да сапаттуу, натыйжалуу иштегенди билүүгө тийиш.

  • Сиз президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министрдин кызматтарына киришкен алгачкы күндөрдөн тартып кадрларды дайындоо жаатында сынга кабылдыңыз? Шайланып калсаңыз, кадр тандоодон адашпайсызбы?

  • Мен бардык сынды кабыл алам жана өзүм кетирген кемчиликтерди түшүнүп турам. Мунун ичинде, кадр дайындоодогу мүчүлүштүктөрүм да бар. Ошол учурда биринчи кезекте кырдаалды турукташтырып, диверсияга, каражаттарды өлкөдөн чыгарып кетүүгө жол бербөө керек болчу. Мамлекеттик органдардын жана ишканалардын нормалдуу иштеп туруусун камсыздоо зарыл эле. Ушундай кысталыш шарттарда анча-мынча кадрлык катачылыктар кетип калганын танбайм. Бирок биз мунун баарын оңдойбуз. Эң башкысы, кокусунан келип калгандар кетип, алардын ордун чыныгы иш билги адамдар ээлеши керек. Өзүңүз түшүнөсүз да, президенттик шайлоодон кийин мамлекеттин жаңы башчысы жаңы команда топтойт. Азыр иштеп жаткан өкмөттүн милдети – экономикалык кыйроого жол бербей, туруктуулукту камсыздоо. Мунун ичинде шайлоо менен референдумду өткөрүү маселеси да турат.

  • Колу таза, билимдүү, иш билги, тажрыйбалуу, мекенин чексиз сүйгөн адамдардан команда топтомокчу болуп жатасыз? Андай адамдарды кайдан табасыз?
  • Табабыз. Андай адамдар бар. Бирок саясий оюндардан, негизги кызматтарга тууган-уруктар, достор, достордун туугандары дайындалып жаткандыктан, анан калса, кызматтар кадимкидей сатылып жаткандан улам чыныгы иш билги адамдар четке чыгып калышкан. Алар өлкөсүнө жакшылык каалаганы менен өзүлөрүнүн тарбиясынан, интеллигенттүүлүгүнөн, балким, жумшактыгынан улам чирип калган системага каршы тура алышкан эмес. Мен жогоруда бизде потенциал бар деп айтпадымбы. Тажрыйбасы мол адистер, таланттуу жаштарыбыз четтен чыгат. Болгону аларга шарт гана түзүп беришибиз керек. Мамлекеттик кызматтарга дайындоонун ачык сынактык системасын камсыз кылышыбыз зарыл. Кадр системасын реформалоону да создуктурууга болбойт. Алдыда көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү милдети турат. Бюджеттин таңкыстыгы, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, пандемиядан улам каражатка муктаж жарандарга жардам берүү, саламаттыкты сактоо системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу сыяктуу жана башка көптөгөн түйүндүү маселелер бар.

Президенттик шайлоодо жалпы эл күчтүү лидерди күтүп жатат. Сизди күчтүү лидер деп атасак болобу?

  • Мен андаймын, мындаймын деп айта албайм. Кудай буйруп, элимдин колдоосуна ээ болуп калсам, президенттикке шайлансам ишим менен көрсөтөм!

Аткаруучу: SUPER.KG; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү 381. Буюртмачы: Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна.

Нускасы:1. 2020-жылдын 16-декабрь даярдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
bond02
2020-12-17 11:14:02
Садыр лагман чоюп жатат.
-19
baisogur
2020-12-17 11:49:17
bond02,озун лагман
+8
Baatirbek81
2020-12-18 11:28:57
bond02,кысчы
+5
Janyl98
2020-12-17 11:56:45
Садырдын жомокторуна ишенип эл кайра эле алданып калат окшойт. Убакыт бергиле деп журуп 100 жыл омурубуз отуп кетеби я.
-9
Baatirbek81
2020-12-18 11:30:25
Janyl98,сага окшогон дөөлүлөр көп сүйлөбөй эле койсо жакшы болмок дос жөн эле ишиңди кылып жүрчү!
+1
zam81
2020-12-17 12:44:29
Буга чейинкилерин кордукго кандай жашабатканыбыз далил 30 жыл чыдаган 1 жыл кутолу иш мененби тил менен иштейби
+10
men
2020-12-17 12:46:09
Мурункуларга ишенип журуп 30жыл убакыт деле жон эле отуп кетти го. Жакшы тилек-жарым ырыс дейт. Ниетибизди туздосок баары жакшы болот. Садыр Жапаров Кудай буюрса элдин умутун, ишеничин актайт деп ишенип турам.
+23
Invests
2020-12-17 13:04:07
Садырды жакшы, таза киши, бирок даражасы томонурок, тажрыйбасы азырак президент болууга Али эрте болуп жатат. Шашып жатат. Кыргызстан сазга тыгылып калган олко, алып чыга алар бекен, козум жетпейт
-6
Alinur96kg
2020-12-17 18:51:28
Invests,жакшылыктан умут узбой туралы,акыры келип саздан чыгарган бироого зар болуп турабыз.
+9
sultan_bek
2020-12-17 13:09:30
Элдин умутун актай албайт Садыр.
-15
bekov01
2020-12-17 13:14:38
Мурда еч кимге ишенген емесмин Садырга ишенем олкобузду ондойт Иншаллах
+16
jaz99
2020-12-17 14:11:52
Аллахка шугур ото сонун жашоодо жашап келе жатавыз Садыр келсе да соонун иштесе керек деп ойлойм
+10
Almaz-pazilbaiuulu
2020-12-17 18:13:00
Бүрөлөр 30 жылдан бери сайрап келе жатат
Же бир жылыш болгон жок
Эмне үчүн аны колдойсуңар билбейм
+7
Amant
2020-12-18 00:17:18
Ассалоом алейкум туугандар кандайсыздар туугандар насип кылган болсо ыймандуу абийрдуу бироо келип калар умутту узбогуло
+4
arimaz89
2020-12-18 06:35:58
Өмүрү коррупционерлер мамлекетке акча кускан эмес, биринчидерден болуп бул нерсени САДЫР баштады. Бизде эмне, коррупцияны жок кылса эле өлкө алга жылат да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан