Журналист Жаныбек Жанызак каза болду. Бул туурасында журналист Назгүл Насиева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
"Кош болуңуз, Жаныбек Жанызак ага. Жакшы сапаттагы мүнөздөрүңүз көп болчу. Чындыкты бетке айткан, абдан эмгекчил инсан элеңиз. Ыйманыңыз саламат болсун. Сиз үчүн түнү-күнү күйүп чуркаган, мээримдүү кызыңыздын мээнети кайтпады. Жакындарыңызга кайрат тилейм. Бөбөктөр үчүн чыгарган жомокторуңуз, компьютерлерге киргизилген кыргыз ариби, кыргыз гезити, сайты жана Кыргызстанда эң биринчи миллионер журналист сиз болгонсуз. Сиз биздин элесибизде түбөлүк каласыз", - деп жазган Насиева.
Жаныбек Жанызак акыркы учурларда ооруп, Орусияда даарыланып жүргөн.
Ал акыркы жолу 31-октябрда социалдык тармактагы баракчасына кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, төмөнкүдөй жазган.
"Мына биз химиянын экинчи курсуна өттүк. Теңирим батасын сиздерге төксүн! Баарыңарды жакшы көрөм. Аман болгула! Буюрса эми үйгө жөнөйбүз, үй-бүлөнүн жанына", - деп жазган ал.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жаныбек Жанызактын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.