Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор сотко чакырылды. Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен алуу аракети көрүлүүдө. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 17-декабрь, күнгө бейшемби. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун алдыңызга сунуш кылат.

Жогорку Кеңеште пенсия маселеси көтөрүлдү

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Социалдык фонддун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды. Долбоорду кароо учурунда вице-спикер баш болгон депутаттар Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаевага, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиевага бир нече суроолорду беришти.

Депутат Максат Сабиров пенсиянын көлөмү көтөрүлгөндө аскер кызматкерлериники да жогорулашы керектигин белгиледи.

"Аскер кызматкерлери да мамлекетке кызмат кылган да. Алар деле пенсиябыз көбөйсө болот эле дешет. Пенсия жалпы көтөрүлүшү керек", - деди эл өкүлү. Гүлнура Жуматаева орточо аскер кызматкерлеринин пенсиясы 9-10 миң сомго чейин болорун айтып: "Алардын пенсиясы 5-6 жылда бир көтөрүлөт, бир көтөрүлгөндө жакшы көтөрүлөт", - деген жообун узатты.

Буга кошумча катары Эльвира Сурабалдиева бирдиктүү саясат болушу керек дегенди колдой турганын белгиледи.

Ал эми вице-спикер Мирлан Бакиров Социалдык фондду реформалоонун кандай жолдору бар экенине кызыкты.

Бакировдун "Социалдык фонддун келечеги кандай болот? Менин көз карашымда оор. Реформа болушу керек. Бюджетте тартыштык болуп жатат. Социалдык фондду реформалоо боюнча кандай көз караштар бар?" - деген суроосуна вице-премьер бир чечимди кабыл алуу оор болуп жатканын айтты. "Пандемия сыноосу болуп калды. Ошонун баарын талкуулап жатабыз. Кийинки жылы кандай болуп калат. Бир чечимди кабыл алуу оор болуп жатат", - дейт Сурабалдиева

Парламент жыйынында өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6061 сом, жалпы 686 миң 225 пенсионер бар экендиги белгилүү болду.

Электр жарыгы автоматтык түрдө өчүрүлөбү?

Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында вице-премьер министр Равшан Сабиров электр энергиясын колдонуу күнүнө 7-10 киловатт-саатка көп болуп жаткандыктан, ал автоматтык түрдө өчүп калышы мүмкүн экендигин айткан.

Бул маалымат чыгары менен коомдо кызуу талкуу жаралып, көпчүлүгү электр жарыгынын автоматтык түрдө өчүрүлүшүн өкмөттүн кышка болгон даярдыгынын чабалдыгы менен байланыштырышты.

Буга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев бүгүн түшундүрмө берип, вице-премьердин сөзүн коомчулук туура эмес түшүнүп алганын айтты. Анын айтымында Сабиров веердик өчүрүү тууралуу кеп козгогон эмес.

"Вице-премьерди баары эле туура эмес түшүнүп алыптыр. Көбү жарык автоматтык түрдө өчөт дегенди веердик өчүрүү катары кабыл алышыптыр. Бул экөө эки башка нерсе. Үйдө электр жарыгына болгон чыңалуу күч алганда эсептегич өзү эле өчүп калат. Жөнөкөй тил менен айтканда токко көп нерсе сайылса, автоматтык өчүү болот. Бул учурда электр жарыгына күч келтирген нерселерди өчүрүп, эсептегичтин баскычын өйдө көтөрүп койсо, жарык кайра эле күйүп калат. Кечээ негизи ушул жөнүндө айтылган" , - деди Сагынбаев.

Ал эми Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы 2-3 жыл бою кургакчылык болгону менен түшүндүрдү.

Сооронбай Жээнбеков иниси менен кошо сотко чакырылды

Мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Жогорку Сотко чакырылганын аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктады. Маалым болгондой ага-ини Жээнбековдор Абдилат Капаровдун ишине байланыштуу чакырылган. Бирок экс-президент жана анын инисинин сот отурумуна келери же келбеси белгисиз. Анткени алар жабырлануучу катары чакырылгандыктан сөзсүз түрдө келүүгө милдеттүү эмес.

"Кечээ, 16-декабрда Жогорку Соттун өндүрүшүндө каралып жаткан Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаровдун ишине байланыштуу сот отуруму өткөн. Анда жактоочу Эркин Саданбеков сот отурумуна мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду чакырууну соттон суранган. Сот жактоочунун өтүнмөсүн канааттандырды. Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку Сот кассациондук инстанциянын органы болгондуктан күбө же жабырлануучунун сот процесстерине катышуусу милдеттендирилбейт. Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков соттук отурумга жабырлануучу катары чакырылганы тууралуу билдирме жөнөтүлдү" , - дейт Жогорку Соттун басма сөз катчысы.

Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен алуу аракети көрүлүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен алуу аракети көрүлүп жатканын билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, мындай "чакан төңкөрүштү" КСДП фракциясы уюштурууда.

"Көпчүлүк журналисттер чалышып "Жогорку Кеңеште чакан төңкөрүш уюштурулуп, Аида Касымалиеваны кызматынан алуу аракети болуп жатабы?" деп сурап жатышат. Туура, КСДП фракциясы Касымалиеваны кызматынан чакыртып алуу боюнча чечимди даярдап жатышат. Анын ордуна Гүлкан Молдобекованы коюу каралып жатат. Негизи мамлекеттик кызматта алдыга жылуу үчүн же көп убакытка депутат болуу үчүн ийкемдүү болуш керек", - дейт Бекешев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын өзүнүн пикирин угуу мүмкүн болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazarnew
2020-12-17 19:38:13
Асылды атып салгылачы, сокени тийишпей. Аида крышаны уволит эткиле.
+3
Kuban-1207
2020-12-17 22:42:58
Алгыла Сокенин куйругу
-1
nazira...
2020-12-18 07:08:28
Аиданы чын эле жоготкулачы Жанарын кошуп. Ким көтөрүп чыкса да туура айткан,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан