"Ийкемдүү болуш керек". Депутат Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен алуу аракети болуп жатканын айтты

Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен алуу аракети көрүлүп жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында мындай "чакан төңкөрүштү" КСДП фракциясы уюштурууда.

"Көпчүлүк журналисттер чалышып "Жогорку Кеңеште чакан төңкөрүш уюштурулуп, Аида Касымалиеваны кызматынан алуу аракети болуп жатабы?" деп сурап жатышат. Туура, КСДП фракциясы Аида Касымалиеваны кызматынан чакыртып алуу боюнча чечимди даярдап жатат. Анын ордуна Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекованы коюу аракети болуп жатат.

Тилекке каршы, мамлекеттик кызматта алдыга жылуу үчүн же көп убакытка депутат болуу үчүн ийкемдүү болуш керек болуп калды", - дейт Бекешев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын өзүнүн пикирин угуу мүмкүн болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан