Ош шаардык мэриясынын алдында кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүү максатында ачылган “Кепилдик фондунда” учурда 3 миллион 800 миң сом бар. Фонд жаңы ачылганда казынасында 918 миң сом болгон экен. Муну мэриянын экономика, каржы жана ишкерликти өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Марип Суранов айтты. Фонд 10 ишкерге каражат бөлүп берип көмөк көрсөтүптүр. Алардын ичинен 5 аял бүгүнкү күндө 12 адамды иш менен камсыз кылышууда.