Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Германиянын "Бавария" клубунун польшалык чабуулучусу Роберт Левандовскийди 2020-жылдын мыкты футболчусу деп тапты.
Сыйлык үчүн күрөштө ал "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду менен "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Мессини артка калтырды. Эң кызыгы, сыйлык тапшыруу аземинин онлайн форматта өткөнүнө карабастан ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Мюнхен шаарына барып, сыйлыкты футболчунун өз колуна тапшырды.
2019-жылдын мыкты футболчусу наамын "Барселона" клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси жеңген.
2020-жылы Роберт Левандовский "Бавария" клубу менен Германия Чемпиондугун, Германия Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңген.