Осмонбек Артыкбаев: "Электр энергиясынын баасы азыркыдай 70 тыйын эмес, 1 сом 20 тыйын болсо жакшы болмок"

“Кыргызстанда 1 кВт саат электр энергиясынын баасы 1 сом 20 тыйын сом болгондо гана бардык маселени чече алабыз”,- деди 2-октябрдагы маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев. “Биз бааларды кандай жол менен көтөрүүнү ойлоп жатабыз?”- деди ал. Каражаттын тартыштыгын жашыруунун кереги жок экенин, кышында авариялык өчүрүүлөр болуп эл жарыксыз калышы мүмкүн экенин айткан министр: “Энергетика тармагындагы 16,5 миллиард сом чыгашанын 4 миллиард сом күйүүчү май алууга, 3 миллиард сому жумушчулардын айлык акысына, башка долбоорлорду ишке киргизүүгө 2,05 миллиард сом жана оңдоо иштерине 4 миллиард сому жумшалат. Айлык акыны төлөбөсө эч ким иштебейт. Бааны көтөрүүнү эч кимге сунуштай элекпиз. Бир канча коомдук угууларды өткөрүп, Жогорку Кеңеш макулдугун берсе, Мамлекеттик антимонополия менен макулдашып бааларды көтөрөбүз”,- деди. Айта кетсек, учурда калк 1 кВт саат электр энергиясы үчүн 70 тыйындан төлөйт. Ал эми коммерциялык мекемелер электр кубатынын 1 кВт саатына 1,5 сом төлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан