Өлкөдө жакырчылыктын жогорку көрсөткүчтөрү Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында экени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык изилдөөлөр институтунун эксперти Айлуна Шамурзаева социалдык тармакта уюштурулган түз эфирде айтты.
Ал эми Бишкек шаары, Талас жана Чүй облустарында абал салыштырмалуу туруктуу экени маалымдалат.
"Мисалы, АКШ долларынын курсу жогорулаган сайын түштүк аймактын жакырчылык деңгээли ылдыйлайт. Акча которуулар канчалык көп болсо, ошончолук түштүк аймакта кедейчилик азаят. Ал эми өлкөнүн түндүгүнө акча которуулардын чоң таасири жок, ошондой эле ал жакта АКШ долларынын курсу жогорулаган сайын кедей категориясына кирген адамдардын саны өсөт”, - дейт Айлуна Шамурзаева.
Айлуна Шамурзаеванын айтымында, изилдөөлөр көрсөткөндөй бир эле фактор Кыргыз өлкөсүнүн ар бир аймагына түрдүү таасирин тийгизет.
“Нарын облусуна малдын саны абдан маанилүү болсо, Талас облусунда жакырчылыктын деңгээли төө буурчакка болгон баадан көз каранды. Аймактарга кедейчиликтин тийгизген факторлорун аныктоо боюнча изилдөө биринчи ирет жүргүзүлүп жатат, биз мында демографиялык гана эмес, макроэкономикалык методду да колдондук”, - деп белгиледи Айлуна Шамурзаева.
Мындан тышкары кедейчиликтин деңгээлине керектөө товарлары менен айыл-чарба азыктарына болгон баанын өзгөрүшү таасирин тийгизери дагы кошумчаланды.