Адахан Мадумаровдун "үгүт иштерине тоскоолдуктар болуп жатат" деген билдирүүсү боюнча териштирүү башталды

17-декабрда КТРКнын түз эфиринде президенттикке талапкер Адахан Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштаарын, бирок анын тарапташтарына коркутуу болуп жатканын айтып чыкты.

Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы териштирүү иштери башталганын маалымдайт.

"Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун штабынан же болбосо тарапташтарынан үгүт иштери Ысык-Көл облусунда кайсы убакыт аралыгында жүргүзөрүн жана үгүт иштерин жүргүзүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча облустун райондук мамлекеттик администрацияларына, мэрияларына жана ички иштер бөлүмдөрүнө эч кандай билдирүүлөр же болбосо ырааттамалар келип түшкөн эмес. "Жолугушууга баргандардын үйлөрүн өрттөп кетебиз" деген коркутуулар болуп жатат" деп эч ким арыз менен кайрылган жок.

Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринде айткан билдирүүсү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 149-беренесинин 1-пункту (Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы) менен катталып, териштирүү иштери башталды", - деди маалымат кызматынан.

Буга чейин Адахан Мадумаров ага Ысык-Көл облусундагы үгүт иштерине белгисиз адамдар тарабынан тоскоолдук жаралып жатканын билдиргенден кийин БШКнын алдындагы ыкчам аракет жасоо координациялык тобуна маалымат келип түшкөн. 17-декабрда бул тууралуу Башкы прокуратурага жана ИИМге маалымат берилгенин БШКдан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
patriot.kg94
2020-12-18 13:13:02
Ким кантип коркутканын факт менен коргозсо жакшы болот беле деп ойлоймда аудио,видео менен, же жон эле каралоо болуп атабы
+1
Baiaman997
2020-12-18 14:48:23
Азыр заман онуккон, бирдеке болсо сразу камерага тартат, далили болсо факты менен далилдеп берсин, Адахан Мадумаров озу тили бал, бирок кылган иши чириген нерселердм кылат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан