"Мегакомдун" башчысынын кеңешчиси Садыр Жапаровго үгүт жүргүздүбү? ИИМ менен Башкы прокуратурага билдирүү жөнөтүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровдун тарапташтарынын мыйзамсыз үгүт жүргүзүүсү боюнча Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кайрылды. Маалыматты SUPER.KG порталына БШКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кеп "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун социалдык тармактагы билдирүүсү тууралуу болуп жатат.

"Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызмат адамдарынын кимдир бирөөгө үгүт жүргүзүүсүнө тыюу салынат. Буга байланыштуу Жунусбековдун билдирүүсү Башкы прокуратурага жана ИИМге жолдонду", - деди басма сөз кызматкери.

Жакында "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган Төрөхан Жунусбеков социалдык тармакка өзүнүн сүрөтүн жүктөп "Талас эли, Садыр Жапаров менен", - деген билдирүү калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Muslim_KGstana.
2020-12-18 11:40:39
Блин Садыр Жапаров нифига кошулбагыла деш керек эле да буларды.

Садыр Жапаровко тушунбой кеттам кээде

Туура эле БШКнын иш-аракети
+4
Baihan77
2020-12-18 12:04:59
Шайлоодон четтетүү керек.
+2
Real98
2020-12-18 12:20:09
Садыр калган 4 президенттен да ашып түшөт. Баары пахта коюп атат,ошол эски адамдар Садырды аңга алып барат. Тез арада тазаланышы керек!
+3
assanov97
2020-12-18 12:42:15
Садыр деле копко барбайт жанында бут эски адамдар
+2
bond02
2020-12-18 14:10:01
Садыр элдин тандоосу менен келбейт го дейм бийликке, жанындагы бир топ кошоматчылары менен эле келатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан