Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарындагы "Коломто" муниципалдык мекемесинде үй-жайсыз адамдарга кийимдер таратылып, медициналык кароо, ВИЧ-СПИДке анализ алынып, ысык тамак берилди. Иш-чара Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан демилгеленип, ага Биринчи Май РИИБи, Бишкек шаардык кургак учук менен күрөшүү борбору, Биринчи Май райондук ишке орноштуруу борбору, "Бишкек епархия" социалдык бөлүмү, "Фонтан жизни" коомдук кайрымдуулук фонду, ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун кызматкерлери катышты.
Иш-чарага болжолдуу 100гө чукул үй жайсыз калган жарандар келип, медициналык кароодон өтүп, тамак-аш, кийим-кечелерди алышты.
* Октябрь районунда убактылуу баш калкалоочу жай №12 кичи районунда А. Токомбаев көчөсүндөгү жакшыртуу конбинатынын имаратында жайгашкан. Бул жай 80ден ашык адамга ылайыкталган. Октябрь районунун социалдык кызмат секторунун адиси Сталбек Эсенкулов. Телефон: 511938, 0559180218.
* Свердлов районунда мурунку районду жакшыртуу комбинатынын аймагында, Фере №34 А дареги боюнча жашай турган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай бар. Ал жай 40 кишиге ылайыкталган. Свердлов районунун социалдык кызмат боюнча секторунун башкы адиси Эркин Мамаевдин телефону: 360335, 0706168877.
* Биринчи Май районунун аймагында Жибек-Жолу 413 дереги боюнча жыл бою иштөөчү "Коломто" муниципалдык мекемеси иштейт. Ал 70 кишиге ылайыкталган. "Коломтодо" түнөп кетүүгө, тамак ичип, медициналык кароодон жана баштапкы санитариядан өтүүгө, ошондой эле жуунуп жана кийимдерин кир жуучу жайда жууганга болот. Телефону: 304855
* Ленин районунда "Кайрымдуулук борбору" КФда турмуштук оор кырдаалга туш болгон балалуу аялдар үчүн баш калкалоочу жай бар, аларга бир жолу ысык тамак, жатакана, медициналык кызмат, социалдык жана укуктук жардам берилет.
* Документи жок аялдар үчүн Ленин райондук үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн (УБКБ) адистери паспортун жана туулгандыгы тууралуу документтери калыбына келтирүүгө жардам берет. Колдоо үйү Трудовая көчөсү, №10 дареги боюнча жайгашкан. Толук маалыматты 64-11-09 телефон номери боюнча алсаныздар болот.