Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Абдил Сегизбаев үгүт өнөктүгүн улантууда. 17-декабрда, Абдил Сегизбаев Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугуп, колдоо көрсөтүп келгендерге ыраазычылык билдирип, жолугушууга келгендердин суроолорунун бардыгына жооп берди: “Мындай опурталдуу абалда керек болсо жакын достор, бирге иштешкендер, жакындар далысын салып коюшу мүмкүн. Бирок мага дем, күч бергендер бул менин мекендештерим. Сиздер мага Кыргызстандын жаркын келечегин көрүп, түшүнүүгө күч бересиздер. Мен өзүмдүн көзүм менин көрдүм, Кыргызстан өтө бай өлкө. Мен мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдарда иштедим, өлкөдөн чыгып кеткен жокмун, ар дайым эл менен бирге болдум. Кыргызстан бул келечеги кенен өлкө. Менин алдымда бир гана максатым бар – өлкөбүздү сактап калып бутуна тургузуу. Ушул тилектеримди ишке ашыруу үчүн мен президенттикке ат салышып жатам", - деп билдирди талапкер.
Абдил Сегизбаевдин айтымында, өнүккөн өлкөгө багыт алуу үчүн “Кыргызстанда эң биринчи орунда акыйкат жана ачыктык” жетишпейт. Андыктан талапкердин программасынын негизги багыттарынын бири бул коррупция менен күрөшүү. "Бизди жарга алып келип такаган жемкорлук болду. Мен буга чейин да коррупция менен күрөшүп келгем, эми да артка чегинбеймин”, - деди ал.
Абдил Сегизбаев Жетим-Тоо көйгөйү боюнча да оюн билдирип, темирдин запастары боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Жетим-Тоонун тагдыры да Кумтөрдүн сценарийи менен бара жатканын айтып: “Жетим-Тоо коругу учурда 50 миллиард долларга бааланган. Кыргызстандын учурда коңшу мамлекеттерге 2 млрд доллар карызы бар. Ал эми учурдагы бийлик ушул карыздардан кутулуу үчүн чет өлкөлүктөргө Жетим-Тоодогу сырьену алып чыгууну көздөп жатат. Ошондо, 2 миллиард долларлык карыздардан кутулуу үчүн накталай баасы 50 миллиард турган Жетим-Тоону да беришибиз керекпи?”, - деп билдирет талапкер.
Президенттикке талапкер мындан тышкары, Бакиевдин режими учурунда 2009-жылы табигый ресурстар министрлиги Жетим-Тоо кенин иштетүү лицензиясын «Арт майнинг» компаниясына болгону 300 сомго сатканын эскерди. Бул боюнча депутат Шыкмаматовдун айткандары да бар, ага таянган маалыматтар боюнча аталган компаниянын артында Ульяна Пак жана Денис Гладышевдер турган.
Интернеттеги маалымат булактарына карасаңыздар, булар Максим Бакиевдин жакындары экендигин бат эле далилдеп койсо болот. Башкача айтканда, 2009-жылы биздин байлыктар болгону 300 сомго сатылган. Ошол эле учурда азыр бийликте жүргөндөр мурдагы кеңешчиден баштап, коррупция менен күрөшө турган органдарда иштешкен. Эми ошолор эле кайрадан “Жетим-Тоону” кошуна мамлекеттин карызынан кутулуу үчүн кендеги сырьену алып чыгууну көздөшөт.
“Ушуга эле далил катары маалымат булактарындагы 2009-жылдагы айрым депутаттардын билдирүүлөрү бар. Анда Үрүмчү шаарында темир кенин иштеткен чоң завод курулганы айтылып, Максим Бакиевдин «Арт майнинг» компаниясы бул ишти колуна алмак. Эми суроо: Азыркылар сырткы карыздардан кутулууну көздөшөбү, же 11 жыл мурдагылардын көксөгөнүн аткарып жатышабы?”, - деди Абдил Сегизбаев.
Жолугушууда мындан сырткары сот реформасы, пенсионерлердин көйгөйлөрү, билим берүү,медицина жана социалдык тармактар боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү. Дагы белгилей кетчү жагдай, жолугушууга келген жаштардын арасынан Абдил Сегизбаевди колдоп келгендер жер-жерлерде кысымга алынып жатканын айтышып, учурдагы бийликти кескин сынга алышты.
“Ушул шайлоодо үмүтүбүз сизде” деген эл, “Абдил Сегизбаевди жапа-тырмак колдойлу, өтүп кетсеңиз элдин ишенимин аткарып, буга чейинкилердин мүчүлүштүктөрүн оңдойсуз”,- деген ишенимдерин артышып, талапкерге жакшы каалоо тилектерин билдиришти.
Даярдаган мекеме: дареги: Бишкек ш., кардар: Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич.