Бүгүн, 18-декабрь, күнгө жума. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун алдыңызга сунуш кылат.
Вице-спикерлик кызмат талашка түштү
Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешев Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен алуу аракети көрүлүп жатканын билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, мындай "чакан төңкөрүштү" КСДП фракциясы
уюштурууда. Бул боюнча вице-спикер Аида Касымалиева
үн катты.
Анын айтымында, вице-спикерди кызматынан алуу маселесин көтөрүү азыркы учурда орунсуз.
"Вице-спикерди кетирүү боюнча кол топтоо бардык депутаттардын демилгеси эмес. Себеби анын процедурасы башкача. Төраганын орун басарын чакыртып алуу процедурасы аябай татаал. Аны фракция чечиши керек. КСДП фракциясы чечим чыгаргандан кийин күн тартибине кирип, комитеттен каралышы керек. Кол топтоо мыйзамды жана регламентти билбеген адамдар тарабынан жасалып жатат окшойт. Фракция лидери, бир топ депутаттар мени колдой турганын билдирип жатышат. Биз, парламент мөөнөтүбүздү узартып жатканда коомчулуктан нааразычылыктар болгон. Легитимдүүлүгүбүз суроо алдында. Биз ушул чечимди эч нерсеге карабастан бийликте боштук жана баш аламандык болбосун деп кабыл алганбыз. Бул парламенттин мөөнөтү бүткөн, ошондуктан кызмат талашуу же төр талашуу маселеси болуп жатканы коомчулуктун алдында уят, депутаттардын бетине ашыкча көө сүйкөйт. Жогорку Кеңеш кресло талаша турган абалда эмес. Ошондуктан мен вице-спикерди чакыртып алуу маселесин депутаттык корпусту уят кылуу деп эсептейм. Вице-спикер болуп 2 жыл иштедим. Креслого жабышпайм. Бул маселе азыр абдан эле орунсуз. Ким кол топтоп жатканын деле угуп жатам. Вице-спикер болууну каалаган 2-3 адам бар. Аттарын атап алардын деңгээлине түшкүм келбейт. Негизинен учурда актуалдуу же кандайдыр бир негиз болсо бул маселени көтөрүп чыкса жарашат эле", - деди Касымалиева.
Аида Касымалиева 2018-жылы февраль айында Асель Кодуранованын ордуна келген. Ошол кезде Асель Кодуранова КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго нааразычылыгын
билдирген.
Өмүрбек Текебаев парламенттик башкарууну колдоп үгүт жүргүзүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин депутаты
Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу партия мүчөлөрүнө кайрылуу жасады. Анда Текебаев мамлекеттик башкаруунун формасын тандап алуу боюнча өтө турган референдум мыйзамсыз экендигин белгилеп, партия мүчөлөрүн парламенттик республиканы колдоп добуш берүүгө, башкаларды да парламентаризмди колдоого
чакырды.
"10-январда мамлекеттин башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болгону турат. Референдум Конституция жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптерди одоно бузуу менен өтүп жаткандыгын белгилегим келет. Бул референдумга “парламенттик республиканы же президенттик республиканы тандайсызбы?” деген суроо сунушталган. Урматтуу партиянын мүчөлөрү! Партиянын атынан сиздерге мыйзамсыз жарыяланса дагы, ушул референдумда парламенттик республиканы колдоп добуш гана бербестен башка адамдарды дагы үгүттөп, парламенттик республика үчүн күрөш жүргүзүшүңөрдү суранам", - деп жазды Текебаев.
Мындан сырткары эл өкүлү президенттикке талапкерлигин коюп жаткан "Ата мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн ичинен кимисин колдоо боюнча дискуссия өтүп, бир пикирге келе албаганын белгиледи.
"Ушул эле күнү референдумдан башка кезексиз президенттик шайлоолор да болот. Партиянын ичинде кайсы талапкерди колдойбуз деген дискуссия болуп өттү. Бир пикирге келе алган жокпуз. Партиянын мүчөлөрүнүн тандоосу кандидаттардын идеологиялык өзгөчөлүгүнөн башка дагы, алардын жеке адамдык сапатына, тарыхына да байланыштуу болуп жатат. Ошондуктан партия президенттик шайлоодо өз мүчөлөрүнө эркин добуш берүү жарыялайт. Шайлоо болот, шайлоонун эртеси да болот. Тигил же бул талапкер деп партиялык ынтымакты бузбайлы", - деп билдирген Текебаев.
БШК Садыр Жапаровдун тарапташтарынын мыйзамсыз үгүт жүргүзүүсү боюнча укук коргоо органына кайрылды
Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровдун тарапташтарынын мыйзамсыз үгүт жүргүзүүсү боюнча Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кайрылды. "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун социалдык тармактагы баракчасына "Талас эли Садыр Жапаров менен" деген билдирүү жасаган.
"Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызмат адамдарынын кимдир бирөөгө үгүт жүргүзүүсүнө тыюу салынат. Буга байланыштуу Жунусбековдун билдирүүсү Башкы прокуратурага жана ИИМге жолдонду", - деди басма сөз кызматкери.
Жакында "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган Төрөхан Жунусбеков социалдык тармакка өзүнүн сүрөтүн жүктөп "Талас эли, Садыр Жапаров менен", - деген билдирүү калтырган.

Адахан Мадумаров белгисиз адамдар тарабынан үгүт иштерине тоскоолдук жаралып жатканын билдирди
Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Ысык-Көл облусундагы үгүт иштерине белгисиз адамдар тарабынан тоскоолдук жаралып жатканын КТРКнын түз эфиринде билдирген.
Биринчи жолугушуумду касиеттүү Ысык-Көлүбүздөн баштайбыз деген жакшы оюм бар эле. Бирок ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик. Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып менден суранышты. "Бизде жаш азаматтар пайда болду" дейт алар. "Эгерде бир жигиттен башка талапкерлерге чуркагандарды көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз" деген коркутуулар менен жүрөт" дешти. Биз ушуну элдик бийлик деп эсептейбизби?", - дейт Мадумаров.
Бул боюнча вице-премьер-министр Максат Мамытканов комментарий берди.
"Талапкер Мадумаров боюнча жергиликтүү бийликтин баарынан сурадык. Алар "эч кандай тоскоолдук болгон эмес" деп айтып жатышат. Өзү бул жакка келбептир. Эгерде Мадумаров Ысык-Көл аймагына бара турган болсо, алдын ала маалымдама берип койсун. Тосуп алышат, шарт түзүп беришет. Бара берсин. Бул жактагы жетекчилердин баарына "талапкерлер үчүн шарттар бирдей болсун, коркунуч жаралса кайрылсын, коопсуздугун камсыздап беребиз" деп жатабыз. Эгерде коркунуч болсо, мага кайрылсын чогуу барып, жанында болуп берейин", - дейт Мамытканов.
