Садыр Жапаровго аргымак белекке берилгени мыйзамсыз. Бул тууралуу SUPER.KG'ге БШКдан билдиришти.
Белгилүү болгондой, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусундагы шайлоочулар менен жолугушуусунда жергиликтүү тургундар ат мингизгени тууралуу БШКга маалымат келип түшкөн.
"Маалымат БШКнын жумушчу тобу тарабынан териштирилет. Кимде-ким өзү колдогон талапкерге каржылык көмөк көрсөткүсү келсе, өзүнүн атын атоо менен бирге ошол талапкердин шайлоо фондуна акчалай которсо болот. Мындай кадам ар бир талапкердин шайлоо фондундагы каражаттарынын ачык сарпталуусуна өбөлгө түзөт", - деди басма сөз катчы.