Бишкекте “Шайлоо процессиндеги жаңы технологиялар-2013” аттуу жарманке өтөт

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкекте 30-31-октябрь күндөрү “Шайлоо процессиндеги жаңы технологиялар-2013” аттуу эл аралык жарманке уюштурат. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жарманкеде жогорку технологиялык каражаттар, шайлоочуларды каттоо жана добуштарды эсептөө боюнча жаңы систем жана программалар көрсөтүлөт. Иш-чарага жарандык коомдун, саясий партиялардын, мамлекеттик органдар жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү катышат. Жарманкеге катышкан компаниялардын сунуштарын караган жумушчу топ шайлоо процессине ылайык вариантты тандап алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан