- Австрияга кантип барып калдыңыздар эле? Жана канча жылдан бери ал жакта турасыздар?
- Австрияга 2006-жылы келдик. Алгач Чехияга келгенбиз, ал жакта эки жылдай жашадык, бизге жакпады чынын айтканда. Анан жолдошум Австриядан жумуш таап, кудай буюруп келип калдык. Айтып калышат го, “кудай пендесинин ырыскысын кайсы жакка чачса ошол жактан терип жейт" деп. Биздин үй-бүлөнүн ырыскысын дагы ушул жакка чачкан окшойт. Анын үстүнө бир уулубуз жүрөк кемтиги менен төрөлүп калып, оор операцияларды чет жакта жасатуу зарыл болгон үчүн дагы көп жылдан бери жашап калдык.
- Ал жакта эмне жумуш менен алектенесиз?
- Мен өзүм кесибим боюнча инженер-куруучумун. Бирок учурда үй кожойкесимин. Австрияда Кыргыз өлкөсүнүн диплому менен иштеш үчүн дагы эки жыл бул жакта билим алуу керек. Буюруса алдыда жакшы бир пландарым бар.
- Сизди инстаграм социалдык тармагындагылар абдан жакшы таанышат, кантип блогер болуп калдыңыз эле?
- Мен инстаграмга алгач 2015-жылы үй-бүлөмдүн сүрөттөрүн киргизип, сактап коюш үчүн эле кирчүмүн. Кийин 2016-жылы жасаган тамактарымдын сүрөттөрүн чыгарып баштадым. Анан мага катталган кыз-келиндер рецебин жазыңызчы дешип байма-бай сурай башташты. Аларга түшүнүктүү болсун деп видеолорду жүктөй баштадым.Ошентип эле блогер болуп кеттим (күлүп). Учурда 245 миңден ашуун катталуучум бар.
Мындайча айтканда бул сиздин хоббиңизби? Тамак жасоодон сырткары дагы эмнелер менен алектенесиз?
-Ооба, хоббим десем болот. Мен ошол нерседен рахат аламын. Дасторкон даярдап, үстүн жасалгалоо мага жагат. Анан дизайнерликке дагы кызыгамын, үйлөрдү жасап, өз колум менен бир нерселерди кылып, дубалдарга илип койгонду жакшы көрөм. Мындан сырткары балдар менен алекмин үйдө.
- Инстаграмдан ар кандай конкурстарды өткөрүп жатканыңызды байкап калабыз, ага өзүңүз демөөрчү болосузбу?
- Эң чоң демөөрчүм жолдошум (күлүп). Мурда сынактарга көп маани берчү эмесмин. Анан акыркы учурларда гиф деген аябай мода болуп кетпедиби. Мен алардан айрымаланып жөн эле сынактарды өткөрүп катталуучуларымды кез-кезде кубантып турамын.
- Инстаграмда катталуучулары көп адамдар көбүн эсе жарнама менен иштешет, бул кызматты сиз дагы колдоносузбу?
- Негизинен чыгарбайм деле. Кээде гана суранышып кайрымдуулук иш болуп калса сторис бөлүмүнө чыгарып берчүмүн. Себеби буга чейин инстаграмдан акча табайын деген максат болгон эмес. Жөн гана хобби катары колдонгонум үчүн го. Бирок жакында эле биринчи жолу бир компания менен келишим түздүм (күлүп).
- Сиздин мындай активдүү жашоо образыңызга жолдошуңуз кандай көз карашта?
-Жолдошум башынан эле колдоп келет. Каршылыгы жок. Эң башкысы ошол иш өзүңө жакса болду дейт. Тескерисинче блогерлерге керектүү буюмдарды алып берип колдойт. Штатив, жарык берүүчү каражаттарды алып берип турат. Үй-бүлөм да көнүп калышкан даяр тамакты "жей берелиби, сүрөткө тарттыңбы?" деп сурашат.
-Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.
-Биздин 4 балабыз бар. Эки кыз,эки уул. Улуу кызыбыз Ажар 19 жашта. Уулубуз Иса 14, Идрис 12, кичүү кызыбыз Алия 4 жашта. Кызыбыз жакында дипломун алат. Азыр иштеп жатат. Иса быйыл мектепти бүтүп (бул жерде 8 эле класс) жогорку окуу жайына тапшырат. Идрис мектепте 5-класс, кичүүбүз Алия бала бакчага барат.
- Идрис аттуу улуңуздун күлкүлүү сүйлөгөн видеолорун кээде жүктөгөнүңүздү көрүп калабыз. Уулуңуз өзү макул болуп тартылабы?
- Идрис өзүн "Кыргыз кишимин!"дейт. Себеби өзүн кыргызмын деп тааныштырат эң биринчи. Видеого болсо өзү эле, бош убагында менин же атасынын телефонун алып өз бөлмөсүнө кирип, ар кайсы темада кыргызча сүйлөп, видео тарта берет. Бул жактын тили немисче. Мектепте, сыртта бүт жерде немис тили, англис тилинде сүйлөшүшөт. Үйдө кыргыз тилин гана колдонобуз. Себеби балдар өз эне тилдерин унутуп калышпасын деген ойдо. Идрис видеону кыйналса да кыргыз тилинде тартат.
- Кыргыз өлкөсүнө тез-тез эле келип турасыздарбы? Акыркы жолу качан келип кеттиңиздер?
-Уулумдун операциясына байланыштуу көптөн бери бара элек болчубуз. Быйыл барабыз деп жатсак карантин болуп калып, пландар бүт өзгөрдү. Эми кудай буюруса 2021-жыл жай айларына пландап жатабыз. Мекенибизди сагындык. Болуп жаткан жаңылыктардын баары менен социалдык тармактар аркылуу таанышып турабыз. Вирустун биринчи толкунунда көп элдер ооруп, дары-дармек жетишсиз болуп, адамдар көз жумуп жатканда биз бул жакта абдан жаман акыбалда болдук. Колубуздан келишинче акча каражаттан жардам бердик, сатурация ченегич салалык деп аракет кылдык эле, тилекке каршы пандемияга карата почтадан албай коюшту.
- Мекенге келүү оюңуздарда барбы? Кыргыз өлкөсүнүн кайсы жеринен болосуз?
- Чет өлкөдө жашаганым менен оюмдун баары мекенде. Албетте оюбуз бар. Буюрса балдарыбыз билим алышып, жакшы бир кесиптин ээси болушса, мекенге барып иштешет. Улуу балам Иса өлкөбүзгө барып клиника ачам, кардиохирург болом деген кыялы бар. Ал эми өзүм Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынан боломун. Сары-Өзөн Чүйдүн Сокулук жерине турмушка чыкканмын.