Бишкектин мэриясына от казандарды газга өткөрүү, таштанды полигонундагы бөлүштүрүү линияларын куруу маселесин чечүү тапшырмасы берилди

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Бишкек шаарындагы экологиялык абал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Отурумга Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев да катышты.

"Бир нече жылдан бери борбордун экологиясына таасир эткен көптөгөн факторлор талкууланып келет. Бул боюнча ар бир тармактык мамлекеттик органдын маалыматтары ар башка. Тигил же бул фактордун абанын булганышына кандай таасир тийгизери жөнүндө так маалымат жок. Бүгүнкү күндө жалпы талдоо абанын булгануусу ченемден бир нече эсе ашып кеткендигин көрсөтүүдө. Ошол эле учурда 2019-жылдын январь айында бекитилген экологиялык абалды жакшыртуу программасынын 40 пунктунун ичинен үч пунктту гана аткарылды, бирок бул шаардын экологиялык абалына түздөн-түз көз таасир этпейт. Биз үчүн экологияга келген оорчулукту азайтуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу маанилүү" - деди Артём Новиков.

Новиковдун айтымында, бул баарынан биринчи Бишкек шаарынын айланасындагы турак-жайларды газдаштыруу масштабын кеңейтүү механизмдерин өркүндөтүү, борбордун жылуулук электр борборун газдаштыруу жана коомдук жана жеңил унааларды газ кыймылдаткычына өткөрүү маселелерине байланыштуу.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын инвестициялык программасынын алкагында Бишкек шаарынын айланасындагы 22 калктуу конуш газга туташтырылды. Тактап айтканда, 14 миңден ашуун үй жаратылыш газына кошулган. Дагы 5 конушта жумуштар аяктады.

Жарандар арасында газ менен жылытууга өтүүнү активдүү сунуштап, экологиялык билим берүү маданиятын жайылтуу керек. Өкмөт финансы уюмдарынын катышуусундагы жеке үйлөргө каражатын бөлүп-бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү каралган, газ менен иштей турган, жылытуу системин орнотуу боюнча жаңы программаны колдоду. Ушул эле маселе муниципалдык жана жеке менчик унааларды газ кыймылдаткыч отунуна өткөрүү боюнча иштерди күчөтүүгө да тийиштүү. Бул үчүн чаралар кабыл алынды. Тактап айтканда, электромобилдерге бажы алымдары нөлгө түшүрүлдү, өлкөдө катталган унааларга газ жабдууларын орнотуунун мөөнөтүн узартуу боюнча программа иштелип жатат", - деди Новиков.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу жылуулук электр борборунан абага чыккан зыяндуу заттар боюнча дагы сөз кылды.

"Белгилүү маалыматтар боюнча, зыяндуу чыгындылардын 20% Бишкек ЖЭБ туура келет. Так санды эч ким айтып бере албайт. Мында 2019-жылы күз-кыш мезгилинде ташылып келинген көмүрдүн сапатынын талапка жооп бербегендиги үчүн санкциялар 14 млн сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын 3 айына жетпеген учурда ал 68 млн сомду түзгөн. Мунун бардыгын борбордук ЖЭБ жагууда. Тийиштүү органдардын өкүлдөрүнө ыкчам тартипте Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү мүмкүндүгү боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү аткаруусун тапшырам. Эгерде көмүргө жана газга карата чыгымдар салыштырмалуу бирдей болсо, анда бул маселени тез арада чечүү керек. Көйгөй бирөө, ал эми аны чечүү маселеси көп. Аталган көйгөйдү чечүүгө комплекстүү мамиле жасамайынча биз бир орунда тапталып тура беребиз, ал эми Бишкек шаары мурдагыдай эле ышка чөмүлүп кала берет", - деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Буга катар кеңешменин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясына от казандарды газга өткөрүү, таштанды полигонундагы бөлүштүрүү линияларын куруу маселесин чечүү, комплекстүү жашылдандыруу программасын ишке ашыруу, ошондой эле желаргыны эске алуу менен архитектуралык долбоорлоого карай мамилени өзгөртүү тапшырмалары берилди.

Марлен Маматалиев өкмөттүн абага коё берилүүчү зыяндуу заттардын деңгээлин кыскартуу жана абаны тазалоо боюнча иш-чаралар планына өз сунуштарын киргизди. Ошондой эле ал Өкмөт ыш маселесин чечүүгө олуттуу киришкенин белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Экологиялык тазалоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу планын толуктап иштеп чыгып, келерки аптада бекитүү сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан