"Зомби - Анжелина Жоли" деген каймана ат менен белгилүү болгон ирандык инстаграм жылдызы Фатиме Хишванд түрмөдөн бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин кыз социалдык тармактарга жарыялаган сүрөттөрү үчүн он жылга эркинен ажыратылганы
маалымдалган.
Ал инстаграмга тамаша иретинде үрөй учурган сүрөттөрдү жарыялачу. Анын баракчасы популярдуу болуп, чет элдик басылмалар ал жөнүндө жаза башташкан. Анын арык көрүнүшү ондогон пластикалык операциялардын натыйжасы экени, ал эми блоггер өзү Анжелина Жолиге окшош болууга аракет кылганы айтылган. Андан соң элге жат көрүнүш менен акча табуу, жаш муунду жолдон адаштыруу, зомбулукка үндөө деп айыпталып, камакка алынган.
"Катаал өкүм жарыялангандан бир нече күн өткөндөн кийин Фатиме камактан үй-бүлөсү күрөө төлөгөндөн кийин бошотулду. Учурда Фатиме Тегеранга өз үй-бүлөсүнө кайтып келди", - деп жазылат маалыматта.