Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жалал-Абад жана Ош облустарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу 19-декабрдан 22-декабрга чейинки иш сапарынын алкагында энергетикалык, медициналык жана билим берүү объектилеринин ишмердүүлүгү, ошондой эле жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышат.