Жогорку Кеңеш: Акыйкатчы шайлоо тартиби бекитилди

Жогорку Кеңеште акыйкатчы шайлоонун тартиби бекитилди. Жаңы түзүлгөн комиссия сунуштаган эреже боюнча мындай болду: Акыйкатчылыкка ат салышкан бардык талапкерге бирден бюллетень даярдалды. Депутаттар ар бир талапкердин бюллетенине макул же каршы деген белги коюп чыгат. Эгер жалгыз талапкер 61 добуш алса, ал жеңүүчү болот. Эгер 61ден көп добушту бир нече талапкер алса, алар 2-турга өтүшөт. Эгер эч бир талапкер 61ге жетпеген добуш алса, алдынкы 2 талапкер экинчи турга өтмөкчү. 3-турда депутаттардын көпчүлүгүнүн добушун алган талапкер жеңүүчү болот. Айта кетсек, учурда ар бир депутаттын 49 добуш берүүгө укугу бар. Акыйкатчы шайлоо саат 14:00дө башталат.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан