ОшТУнун профсоюз уюму Карылар күнүн белгиледи

1-октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата Ош технологиялык университетинде окуу жайдын профсоюз уюму тарабынан майрамдык кече уюштурулду. Муну окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады. Салтанатта карыларга сый тамак берилип, концерттик программа тартууланды. Мындан сырткары ректорат тарабынан ардактуу карыларга Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. Карылардын арасында бүт өмүрүн илим, билимге жана жаштарды тарбиялоого арнагандары бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан