"Өтө кооптуу". Улуу Британия өлкөдө COVID-19дун жаңы түрү көзөмөлдөн чыгып кеткенин жарыялады

Улуу Британияда катталган коронавирустун жаңы түрү аталган өлкөдө көзөмөлдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"COVID-19дун жаңы түрү көзөмөлдөн чыгып кетти жана адамдар вирус жуктуруп алгандай иш-аракет кылышы керек. Айрыкча Англиянын эң жогорку чектөө коюлган аймактарындагы адамдар", - деген Хэнкок.

Министр белгилегендей учурда COVID-19 жаңы жугуштуу варианты тез жайылып жатат.

"Коронавирустун бул түрү чоң көйгөй жаратты. Бул коркунучтуу инфекция, биз аны көзөмөлдөп турушубуз керек болчу. Бирок жаңы COVID-19 мутациясы тапшырманы татаалдаштырды", - деп кошумчалаган ал.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган. Өз кезегинде дүйнөнүн 20га жакын өлкөсү Улуу Британия менен болгон байланышты токтотушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dinara1234
2020-12-21 13:45:48
Аллах өзүн сакта, сенин каалооңсуз дарактагы бир жалбырагы жерге түшпөйт.
+10
bond0202
2020-12-21 17:06:29
Dinara1234,аллах дагы сактанганды сактайм дейт.озубуз сактанышыбыз керек.бийликтегилер кимибиз президент болот экенбиз деп кун сайын элдерди топтоп оздорунун кызыкчылыгы менен убара болуп журушот.карантин чараларын киргизиш керек болчу убактылуу
+1
KUBA21
2020-12-21 14:04:22
Бирок Вакцина жок дагы эле э
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан