Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун 31 жаштагы тургуну 16 жаштагы кызга үйлөнгөнүн юрист Камиль Рузиев өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыккан. Ал эми облустук милициядан бул боюнча эч кандай билдирүү келип түшпөгөнүн маалымдашкан.
Коомдун талкуусун жараткан окуядан кийин вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы менен биргеликте калк арасында жашы жете электерди никеге тургузуу ырымына жол бербөө боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
Мындан тышкары тармактык мамлекеттик органдарга Ысык-Көл облусундагы 18 жашка чыга элек кыздын никеге туруусуна тийиштүү абалды териштирүү тапшырмасын берди", - деп айтылат кабарда.