"Кыргызгаз" ишканасы 2014-жылы "УзТрансГаз" жана "КазТрансГаз" ишканаларынан 2014-жыл үчүн 500 миллион метр куб жаратылыш газын сатып алат. Бул маселе боюнча аталган компанияларга расмий документ жиберилди. Муну бүгүн, 2-октябрда маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, келишимдер "Кыргызгаздын" жаңы ээси болгон Орусиянын "Газпром" компаниясы менен биргеликте түзүлөт.
"Өлкөгө газ жеткирүү иштерин орусиялык аталган компания жөнгө салат", - деди министр.