Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы менен жолугушту

Президент  Алмазбек Атамбаев 2-октябрда Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы Кристиан Беддис менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Эл аралык валюта фонду менен кызматташтыгы жана өлкөнүн экономикалык өнүгүү багыттары талкууланды. Беддис Эл аралык валюта фондунун миссиясынын жасаган иштери менен тааныштырды. Анын айтымында, фонддун эксперттери Кыргызстандагы мамлекеттик казынадагы дефициттин кыскарышына, инфляция деңгээлинин түшүүсү жана экономиканын ар кайсы тармагындагы өзгөрүүлөрдүн ыргагына жакшы баа беришүүдө.   

 

Президент аталган фондго колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, бул каржы институту менен кызматташуу Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан