Баткенде Насирдин Исановдун 70 жылдыгына карата иш-чаралар өтүүдө
Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесин белгилөө боюнча Баткен районунун акими С.Калыковдун атайын буйругу чыккан. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, буйрукка ылайык, сентябрь, октябрь айларында район аймагында мамлекеттик ишмердин урматына атайын иш-чаралар өткөрүлүп, билим берүү мекемелеринде, кесиптик окуу жайларында дил баян сынактары уюштурулуп, тарыхый инсан жөнүндө илимий конференциялар өтүүдө.