Кыргызстанга Эл аралык валюта фондунан 15 миллион доллар бөлүнөт.Муну бүгүн, 2-октябрда Бүткүл дүйнөлүк банктын миссия башчысы Кристиан Беддис билдирди. Анын айтымында, фонддун азыркы иштеп жаткан программасынын мөөнөтү 2014-жылдын июнь айында аягына чыгат. “Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын расмий өкүлдөрү тарабынан сунуш түшүүсү керек. Биз бардык органдар менен ар кайсы багытта кызматташууга даярбыз. Жетекчилигибиз макулдугун берсе декабрь айында 15 миллион доллар каражат бөлүнөт”,-деди Кристиан Беддис. Атайын программанын алкагында жалпысынан фонд тарабынан Кыргызстанга быйыл 106 миллион доллар бөлүндү.