Кыргызстанда жаратылыш газы 2 тыйынга арзандады. Бул тууралуу "Кыргызгаз" ишканасы билдирди. Октябрь айында өлкөнүн түндүк аймагында жашагандар 1 метр куб газ үчүн 15,12 сом, түштүк аймактагы жашоочулар 15,11 сомдон төлөшөт.
Сентябрь айында 1 метр куб газыүчүн түндүктө жашагандар 15,14 сом, түштүк аймагындагылар 15,13 сомдон төлөшкөн.