Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры өзүнүн юбилейлик сезонун ачты
Арсен Өмүралиев атындагы
Бишкек шаардык
драма театры өзүнүн юбилейлик сезонун ачты. Театрга быйыл 20 жыл, ал эми анын негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү актер Арсен Өмүралиев 80 жашка толмок. Театралдык сезондун ачылышы 7, 8, 9-октябрда Алексей Грибоедовдун “Акылдан азап” спектакли менен башталат. Спектаклди койгон орусиялык жаш режиссёр Татьяна Захарова. Алексей Грибоедовдун чыгармасын кыргыз тилине Райкан Шүкүрбеков которгон, ал эми башкы каарман Чацкийдин монологу орус тилинде окулат.