Улуу Британияда сутка ичинде COVID-19га 36 миң 800 адам кабылды. Бул пандемия башталгандан бери сутка ичинде катталгандардын рекорддук көрсөткүчү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, бир суткада COVID-19 илдетинин кесепетинен 691 адам көз жумган. Аталган өлкөдө жалпы 2 миллион 116 миң 608 адам коронавирус илдетине кабылса, 68 миң 409 бейтап каза болгон.
Буга чейин Улуу Британия бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган. Өз кезегинде дүйнөнүн 20га жакын өлкөсү Улуу Британия менен болгон байланышты токтоткону кабарланган.