Ош шаарында коронавируска каршы 47 акысыз эмдөө борбору ачылды

Ош шаарында коронавируска каршы акысыз 47 эмдөө борбору ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жаңы ачылган пункттарда каалоочулар Синофарм вакцинасы менен акысыз эмделет. Эмдөөгө келген ар бир адамдын жанында паспорту (ID-card) болушу керек.
Ош шаарындагы эмдөө пунктарынын даректери:
- Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору: №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11; Ош мамлекеттик университетинин дарылоо пункту жана Аэропорт – авиа шаарчасы;
- ФАПтар: "Алмалык", “Пятилетка", Сай, Орке, Тээке, Арек, Төлөйкөн, Жапалак, "Сулайман-Тоо", "Озгур", "Беш-Калпак";
- Мектептер: Гагарин, Алтыбаев, №27 Партсъезд жана Горький атындагы мектептерде;
- Ош шаарынын борбордук базары, "Фрунзе" жана "Келечек" кичи базарларында;
- "Глобус", "Фрунзе" гипермаркетинде, ошондой эле Амир-Тимур аймагында жайгашкан почтада эмдөө жүрөт.
Мындан тышкары ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдында эмдөөгө чейин консультация алуу үчүн мобилдик топтор уюштурулган. Ош шаары боюнча 12 мобилдик топ бар.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан