Бразилиянын президенти Жаир Больсонару 16-апрелде өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрин кызматтан алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Луис Энрике Мандетта карантин коронавирус менен күрөшүү жана аны жайылтпоо үчүн эң таасирдүү ыкма экенин билдирген. Буга карабастан өлкө башчысы бир нече жолу айрым аймактарда киргизилген карантинди туура эмес экендигин айтып, сындап чыккан. Өлкө башчы карантин өлкө экономикасына терс таасирин тийгизип жаткандыгын айткан. Мындан улам президент менен министрдин ортосунда пикир келишпестик жаралган.
"Биз ушул күнгө чейин коронавирус менен жакшы күрөшүп келдик. Бирок күрөш жаңы гана башталды", - деп билдирген кызматынан бошотулган Мандетта.
Жаңы министр болуп дарыгер-онколог Нельсон Тейч дайындалган.
Мандентта кызматтан кеткенден кийин Сан-Паулу жана Рио-де-Жанейронун жашоочулары президентти сынга алышкан.
Азыркы тапта Бразилияда вирус жуктургандардын саны 30 миң 900гө жеткен. 1 миң 952 адам каза болгон.